Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Сыдыгалиев министрдин орун басары болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 15-декабрда аларды эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
1-декабрда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди кызматтан алып, ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Каныбек Досмамбетов дайындалган.
Саламаттык сактоо тармагына чекисттин жетекчи болушу коомчулукта талкууга түшүп, президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Досмамбетов реформатор экенин жана бул тармакты иретке саларын” билдирген.
Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Ал 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен келген. Кесиби боюнча дарыгер жана бир катар медициналык мекемеде иштеген.