Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Австралиянын Сидней шаарында ок атылып, кеминде 10 киши каза тапты


Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагындагы окуя болгон жер.
Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагындагы окуя болгон жер.

Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагында белгисиз адамдар көчөдө туш келди ок чыгарышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилөө маалында катталды. Салтанатка жергиликтүү еврей коомунун мүчөлөрү катышып жаткан.

Полициянын маалыматына ылайык, "көптөгөн" курмандыктар катталды. Би-би-си полициянын маалыматына таянып кеминде 10 адам каза болгонун, 12 адам жаракат алганын жазды.

Мерт болгондордун ичинде ок чыгаргандардын бири бар. Ок аткандардын экинчиси кармалганы кабарланды. Алардын тек-жайы белгисиз.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, кара кийинген эки адам эс алуу аймагына жакын жердеги автотоктомолорго туруп, адамдарды көздөй ок чыгарган. Ок атуу 10 мүнөтчө созулган.

Ок атылып жатканы жана адамдардын качып баратканы видеолорго тартылып калган. Интернетке тараган видеолордо бир адам ок атып жаткан кишинин куралын тартып алганы көрүнүп турат.

Бийлик өкүлдөрү тургундарды Бонди-бич эс алуу аймагынан жана ага жакын жерлерден чыгып кетүүгө чакырды. Окуя болгон жерден тартылган видеолордон көрүнүп тургандай, ал жерде полициянын жана тез жардам кызматынын бир топ кызматкерлери жүрөт.

14-декабрь - бүткүл дүйнөдөгү еврейлер белгилеген Хануки майрамынын биринчи күнү. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG