Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

"Жолбүгүндө бүтүндөй доор калды". Алым Токтомушевдин мурасы


мазмуну

  • Белгилүү публицист, акын, котормочу Алым Токтомушевдин “Жолбүгүн” китебинин жарык көргөнүнө бир айдай болуп калды. Анда маркумдун көзү тирүүсүндө мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган макалалары, белгилүү инсандар менен маектери камтылган.

Китептин бет ачары 13-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Ага Алым Токтомушевдин замандаштары, бир кездеги кесиптештери жана анын талантын сыйлаган окурмандары катышты.

“Жолбүгүн” мындан 15-20 жылдай мурда Алым Токтомушевдин “Асаба”, “Агым” гезиттериндеги атайын рубрикасы болчу. Саясат, экономика, кээде дүйнөлүк окуяларды да анализдеп жазып турчу. Гезиттин окурмандары көп эле. Алардын ичинен Алым Токтомушев жазгандарды күтүп окуган өзүнчө катмар бар эле.

Ал макаланын баарын китепке сыйдыруу оңойго турган эмес. Дегеле архивдеги чаң баскан гезиттерди бирден барактап, ксеро көчүрмөдөн өткөрүп, кайра тердирүү канча деген мээнетти, анан калса каражатты да талап кылат эмеспи.

Бул иштин баарын бир кезде Алым Токтомушев менен “Асаба”, “Агым” жана “Алас” гезиттеринде иштешкен Аскер Сакыбаева аркалаган.

“Акыркы эки-үч жылда тынымсыз иштедим десем болот. Тандап, ылгап, азыркы күнгө ылайыктадым. Өмүрүмдө биринчи жолу китеп чыгаргандыктан, коомдун бардык катмарына кызыктуу болсун, ким эмне издесе ошону тапсын деп ойлодум. Себеби, экономика менен саясатты алсак, башка тарап калат. Алым байке көп кырдуу адам болчу. Ошонун баарын камтыганга аракет кылдым. Анан китепти жаңы баштаганда азыркыдай кымбатчылык эмес эле, биз кагаз алган өлкөлөр согушпай турган мезгил эле. Кийин тапкан каражатым жетпей калды. Быйыл гана жыл башында Нурланбек Тургунбек уулунун, Мирлан Самыйкожонун, Төлөгөн Сулаймановдун жардамы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акча бөлдүрүп чыгардым да. Топтогон материалдардын жарымы батпай калды. Элдин маанайынан көрдүм, дагы чыгарсак болот экен. Бул эми окуй турган муун үчүн. Ал эми жаштар үчүн электрондук китеп чыгаруу дагы ой бар. Китепти түзүүчүнүн түйшүгү оор болот экен. Бирок эми мен жасабасам, ким жасайт? Кийинки муун андан бетер жасабайт. Себеби, окуган эмес. Ошону аткарып, чыгарып койгонду адамдык парзым деп эсептейм”.

Аскер Сакыбаева жана адабий кеченин коноктору. 13-декабрь.
Аскер Сакыбаева жана адабий кеченин коноктору. 13-декабрь.

Кесиптештеринин айтымында, Алым Токтомушев макала жазарда бала кезинен берки досу, белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевге кайрылып, кеңеш сурап турчу экен.

Айылчы Сарыбаев эгемендик жылдары экономиканы кыйроого алып келген саясатка нааразылык “Жолбүгүн” аркылуу жаңырып турганын эскерди:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

“Чынын айтыш керек. Жашоо оңой болгон эмес. Канча кооптуу окуялар болду. “Өлтүрүп коебуз” дегенге чейин баргандар болду. Алыкем кээде мен жазган макаланын кээ бир жерлерин чийип койчу. “Сен минтип айтпагын, андан көрө мен айтайын” дечү. Өмүрүн тобокелге салып, оюн ачык айтуу көп кишинин колунан келбейт. Алымдын журналист болуу оюнда жок эле. Аны журналист кылган мамлекеттин тагдыры, элибиздин тагдыры болду. Ошонун баарын түшүнүп туруп унчукпай коюу күнөө экенин сезди. Мен дагы айтпай эле коеюн десем, бир профессор менен жолдош элек, “билип туруп айтпаган нерсе күнөө болот” деп калды. Ушул күнгө чейин көп эле нерсени айткың келет, ай аттиң деп унчукпай тим болосуң. Мелисти (Эшимканов-ред.) дагы айта кетиш керек. Мелистин орду биздин коомдо өтө чоң. Баланча жерден минтип акча таап келди, түкүнчө жерден муну алып келди, анан бизди чогултту деп көп айтаар эле. Мелистин мектеби десек болот, Алымдай журналисттерди чыгарды”.

Алым Токтомушев “Жолбүгүнгө” жазган саясий-экономикалык макалалар Кыргызстан эгемендик алган жылдары басып өткөн оош-кыйыштардын, ошол кезде бийлик кабыл алган жаңылыш чечимдерди документтештирген далил да болуп калды.

Венера Сайпидин
Венера Сайпидин

Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин алар күнү бүгүнкүгө чейин актуалдуулугун жоготкон жок деп эсептейт. Мындан тышкары адабий-маданий темадагы маектери да орчундуу маселелерди камтып турарын белгиледи.

“Анын макалаларындагы саясий-экономикалык, социалдык, философиялык ой толгоолору азыр да актуалдуу. Мындан отуз жыл мурда айткандары азыр деле маанисин жоготпогонун көрө алабыз. Миссионер катары алдын ала көрө алган, эгемендик алгандан кийин кыргыз мамлекетинин өнүгүү багыттары кандай жол менен кетиши керек деп ой жүгүрткөнү туура болгонун бүгүн көрүп турабыз. Алым Токтомушевдин аналитикасынын дагы бир күчтүү жагы жөн гана жоргологон кара сөз эмес, аргументтер менен, фактылар, цифралар менен документалдуу түрдө далилдеген экен. Дагы бир өзгөчөлүгү ошол кездеги экономикадагы, саясаттагы либерализмдин, демократиянын принциптерин жайылтуудагы булактарга шилтеме бергени. Мисалы, орус саясатчысы, диссидент В.Розановдун, Принстон университетинин профессору Коэндин макалаларына же “Коммерсант” баштаган булактарга таянуу менен ошол кездеги кыргыз коомунун акыбалын, башкаруу бийлигинин менталитетинин өзгөчөлүгүн анализдеп, курч ойлор менен берген экен”.

Соңку жылдары кыргыз журналистикасы олуттуу өзгөрүүгө учурады. Бирин-экин эле гезиттер болбосо, калгандары жабылып же онлайнга ооп кетти. Анткен менен Алым Токтомушевдин интеллектуалдык мурасы жаш журналисттерге үлгү бойдон кала берет.

Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаева бул интеллектуалдык мурас журналистика факультеттери үчүн окуу куралына айланышы керек деген пикирде.

Үмүт Култаева.
Үмүт Култаева.

“Алым Токтомушев абдан чоң интеллектуал болуптур. Окурмандык тажрыйбасы, изденүүсү, ар бир сөзүн белгилүү аргумент менен айтканы жакты. Китепте Токтомушев "Достоевский жакырчылыкта өтүптүр, бүгүнкү жакырчылык бизге эмне берет?" десе, Кубатбек Жусубалиев “Мухаммед пайгамбар "Жакырдыгым - байлыгым" деп айткан. Адамзаттын эң негизги окутуучусу – жакырчылык” деп жатпайбы. Ушунун өзүндө эле эмне деген ой жатат? Китепти толук окуп чыгып, андагы ойлорду Адабий курста айтсам, ал жерде окугандар таасирленип жатышат. Бул китепти журналистика факультеттеринде окуу куралы катары киргизүү керек. Анткени ал журналистиканын аяр, кылдат сырларын үйрөнүү үчүн керек. Токтомушев кандай деңгээл, кандай билим менен ар бир адамга жолуккан сайын анын коомдогу ишин, ордун эске алып ошого жараша суроо берип жатпайбы. Жалпы эле адабият чөйрөсүндө жүргөндөр үчүн китептин баасы өтө жогору”.

"Алым мыкты акын болчу"

Китепте кыргыз маданиятында өз чыйыры бар Аман Токтогулов, Кадыркул Даутов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев ж.б. менен адабият, коом бараткан багыт, адамзаттык баалуулук жөнүндөгү маектери да камтылган.

Жазуучу, публицист, философ Чоюн Өмүралиев “Кыргыз поэзиясындагы” үч сабак” аттуу китеп жазган. Анда кыргыз совет поэзиясынын үч муунун Аалы Токомбаев, Омор Султанов жана Алым Токтомушевдин мисалында бергенге аракет кылганына токтолуп, буларды айтты:

Чоюн Өмүралиев.
Чоюн Өмүралиев.

“Алымды мен 1968-жылы шаарга келгенден бери билем. Ошондон бери 60ка жуук жыл өттү. Барып жатып калабыз, бир аз уктап алат да, анан макала берет элем деп отурат. Эртең менен карасаң бул жакта кагаздар жыйылып калат. Кайсы макалалары, кайсы саптары качан жазылганы бизге белгилүү да. Жыргаганыман жылкы бактымбы дегендей, Алым айла жоктон эле замандын талабы, көйгөйү тартып отуруп журналист болуп кетти. Болбосо, поэзияда 60-жылдары Омор, Рамистерден кийинки экинчи толкун бар да. Табылды Муканов, Роза Карагулова, Сагындар, Шербеттер. Алым ошол муундун эң белгилүү өкүлү. Ошонун ичинен Алымдын өз орду бар. Өтө окумал адам эле. Батыш поэзиясын, орус поэзиясын түбүнө чейин изилдеп, которуп окуган акын эле да. Ошентип отуруп өзүнө талапты жогору коюп алып жазбай калган да. Сиздер окуган ырлары отуздун ары-берисинде эле жазылган. Бирин-экин ырларын кийин жазды. Котормого кирип кетип, “Фаусту” котором деп тиш салды. Болбосо, “Фауст” деген эмне айланайын? Европанын мыкты акындарын которду. “Агымда” иштеген жылдары Кубатбек Жусубалиевди ачты. Болбосо, Кубатың киши менен сүйлөшпөйт да. Мурза Гапаровду кандай терең ачып жатты. Эгер адабияттын өзөгүнөн кайнап чыкпаса, андай ача албайт да. Ошонун баарынын тилин таап, тамырын тартып, сөздү чубай билип, суроосун берип, ачып жазып калды. Мурза Гапаров өзү деле биографиясын жазган жок мен билгени, изилдегендер деле жок. Бирок Алымдын Мурза Гапаров жөнүндө жазгандары Мурза дей тургандай материалдар да”.

Чоюн Өмүралиев “Алымдын сабагы” деген маселе турганын, азыр 1920-30-жылдардагы тарых изилденгендей, Эгемендик алган 90-жылдар дагы кийин изилденерин, ошондо Алым Токтомушевдин жазгандары кийинки муунга замандын оош-кыйышын терең түшүнүп, портретин тартканга жардам бере турганын белгилеп өттү.

Кыргыз Эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков “Асаба”, “Агым” андан кийин “Алас” гезиттеринде Алым Токтомушев менен чогуу иштеген. Ал кесиптеши сөз менен кылдат иштеген, бир макаланы ийине келтирмейинче жарыялабаган сапатына токтолуп өттү. Аз бирок жаз жазган күчтүү акын болгонун айтты.

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

“Аалыке эмне үчүн ыр жазбай койду? Аалыке акын болуп туулган. Таланттуу адам кайсы кесипке барбасын мудаа кылып жасайт экен да. Журналистиканы алып кетти, экономикага кирбейм деп жатып аны алып кетти. А бирок бул акын болуп туулган да. Жолдоштордун бири каза болгондо бир куплет ушинтип жазды.

Тиленип тийбей калган батасыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар бириң кеткен сайын ойлой берем,

Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Аалыкенин көөнөрбөй турган ыры бул “Көл түнү” да. Эмне деген керемет... Ага ар ким обон чыгарды. Бирок тексттин деңгээлинде обон чыгарыш кыйын. Мен көп жыл карап жүрүп билдим, тексттин өзүнө шайкеш чыгара албайт экем. “Паризат” деген ыр бар экен. Анын текстин ким жазганын билбейм. Аалыкемдикин ушуга салбайлыбы деп ошону “Асабанын” гимни кылып ырдап жүрдүк. “Карарган деңиз, агарган толкун” мыкты да. Аалыке бир ыры менен эле кыргыз поэзиясынын тарыхында калмак. Жазбай койду да. Аман Токтогулов экөө аябай көп сүйлөшчү да. Экөө жазсак, 35 жашка чейин жазабыз, андан кийин дүйнөгө чыкпасак токтотобуз деп сүйлөшсө керек, мен ушинтип шекшип калдым. Экөө тең поэзияны токтотуп коюшту. Себеби, булар өзүнө талапты бийик коюп алышкан экен да. Аалыкеден бир жолу улуу кишилерди көп көрүп калбадыңызбы, жазып бербейсизби деп жазуучу Жоробек Султаналиев тууралуу суранып жаздыргам. Ошондо Аалыке эссе жазуунун жогорку чеберчилигин көрсөткөн да. Пастернакты жакшы көрчү, Зощенкону окуй берер эле. Булардын эмне байланышы бар, буларды эмнеге такай окуп отурат деп таң калчумун. Кийин ойлосом, Борис Пастернак поэзиядагы анын ориентири экен, Михаил Зощенко бул адам турмушундагы адам байкабагандарды, адам көрбөгөндөрдү жазган акын экен. Аалыке ошону жакшы көрүп, “Жолбүгүндө” ошол эле экономика, ошол эле менчиктештирүүдөгү башкалар байкабаган, башкалар көрбөгөндү байкап, макалага батырып койчу.

Түгөлбай Казаков жана Чоюн Өмүралиев.
Түгөлбай Казаков жана Чоюн Өмүралиев.

Эске сала кетсек, Алым Токтомушевдин жубайы Шербет Келдибекованын да кыргыз поэзиясында кайталангыс орду бар.

"Алым агай жөнүндө чыгармам бүтө элек"

Кечеде Алым агайдын саясат менен экономиканы жазып калышына “Асабаны” ачып, журналисттерди таруудай иргеп, чогулткан Мелис Эшимканов да себеп болгону көп айтылды.

Бир кезде Алым Токтомушев менен бир иш бөлмөдө отурган жазуучу Мамат Сабыров публицистиканын өмүрү кыска болорун, бирок кесиптеши ага жан киргизип жазганы үчүн "Жолбүгүн" бүгүн да окула берерин белгиледи. Ал Алым Токтомушев жөнүндө бир повести жазылып бүтпөй келе жатканын кошумчалай кетти.

Мамат Сабыров.
Мамат Сабыров.

“Алым байке экөөбүз “Асабада” көп жыл иштештик. Кийин мен башкы редактор болгондо ал менин орун басарым болуп, экөөбүз бир кабинетте отурдук. Маңдай-тескей отуруп, кобурашып, өткөн-кеткенди көп сүйлөшөт элек да. Алым байке кайтыш болгондо ошолордун баарын жазгым келдим. Отурдум да жаза албай койдум. Эми күнүнө үч-төрт макала жазган, гезитте кырк жылга жакын иштеген киши чакан эскерүү жаза албай койгонуна ишенесиңби? Сокку болду да мага. Чындап эле повесть жазайын деп жазып жүргөм да. "Алым байке, ушул повестти сизге арнап жазып атам" дедим. "Койчу" деп күлүп койгон. Бирок ошол эсинде калыптыр. Унчукпай жүрүп, акыркы жолу ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдын жанынан жолуктук. Себеби, бир гезитке аңгемемди чыгарып, өзү жарыктык көтөрүп келиптир сүйүнчүлөп. Коштошуп баратканда, токтоп туруп, "Баягы аңгемең эмне болду?" деп сурап жатпайбы. Болуп атат, болуп атат деп койдум. Же ошону айтпай койбой, же жазып бүтүрө албай койгонума армандамын. Азыр деле бүтө элекмин. Себеби, Алым байкенин өмүрү, тагдыры татаал да. Ошол жөнүндө болчу. Алым байке айтып берген өмүрүндөгү урунттуу нерселерди киргизгем. Экөөбүз маңдай-тескей отурганда эч кимге айтпагандарын мага айтчу. Жетим өскөн, таенеси баккан. Кубат акени (Жусубалиев-ред.) чоң энеси баккан. Экөөнүн тагдырында бир окшоштук бар да, ошон үчүн да экөө тагдырлаш болуп көп сүйлөшсө керек. Кудай буюрса, ошону жазам. Алым байке укмуш жоопкерчиликтүү киши эле. Отуруп жазат. Бир маалда туруп ары-бери баса баштайт. Эгер өзү канааттанбай калса, макаласын эптеп эле чампалап берчү эмес. “Бышпай жатат” деген сөзү бар эле. Бирок кийинки санга ийлеп туруп берчи. Публицистиканын өмүрү кыска болот. Алым байке ошол нерсеге жан берип, түбөлүктүү кылып койду да. Андан бери канча суу акты, кээ бири оңолду, кээ бири жок болду. Ошого карабай "Жолбүгүндү" бүгүн деле окуй бересиң”.

Дагы бир кесиптеши Сүйүн Курманова Алым Токтомушев далай журналисттин макаласын чырайына чыгарган мыкты редактор болгонун белгиледи.

“Алым байке “Асабага” бизден кийин келди. Ага чейин “Кыргызстан маданиятында” иштеп жүргөндө билчүбүз. Мыкты акын катары таанычубуз. Журналистикага келгенден тарта экономикалык анализдерди жаза баштады. Алым байкенин өзгөчөлүгү, өтө олуттуу татаал маселелерге юмор кошуп жазчу. Интеллектуалдык юмор өтө таңсык нерсе да. Айтып жаткан маселесин эл жеңил кабыл алчу. Кийин бир нерсени байкап калдык. Алым байкенин жазганынан эч кынтык табылчу эмес. Бир учур болгон, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер ишин “Асабаны” окуудан баштачу экен. Алым байкени кийин Мелис орун басар кылып дайындады. Абдан тамашакөй киши болчу. Летучкада Мелистен тил уккандан кийин кабинетте тунжурап отурсак, “эки далынын ортосу чып дей түштүбү?” деп тамашалап калчу. Анан нукуралуулукту жакшы көрчү, жасалмалуулукту, калты өтө жаман көрчү. Макалада кенедей калп болсо да өткөрчү эмес. Жаш журналисттер жазган макалаларды карап отуруп, катасы аябай көп болсо барактарды барпыратып бөлмөгө ыргытып жиберчү, ачуусу келип. Ошондон эле жүрөгүбүз түшүп, макаланы ийлеп жазчубуз. Ошол эле кезде акын катары жумшак киши болчу. Дирилдеген, агалык кылып колдой билген адам эле. Таланттарды сыйлаганга, баалаганга кыйын киши болчу. Бир өкүнүп калган жайым бар. 8-мартты редакцияда белгилеп, Алым агай экөөбүз чогуу чыгып калдык. Анан бир нерсени айтайын деп жатканда автобус келип калып түшүп кеттим. Ошону эстеген сайын, азыркыга чейин өкүнө берем. Автобус келбей калчудай болбой, уксам болмок экен. Себеби, бул киши оңой менен чечилип, оңой менен бир нерсе айтчу эмес”.

Алым Токтомушев учурунда далай жаш журналисттерге, жаш акындарга багыт көрсөттү. Жазганды, сөз менен иштегенди үйрөттү. Агалык кеп-кеңешин уккан акындардын бири Алтынбек Исмаилов "Жолбүгүндүн" ачылышында алып баруучу болду.

"Алым Токтомушевдин станогунан чыккан ар бир текст адамды тамшандыргандай жазылчу. Орус адабиятын аябай жакшы билип, кан-жанына сиңирип окучу. Жогорку деңгээлдеги ырларды жазчу. "Манас" университетинде устатым Салижан Жигитов далай жолу алып келип, сүйлөштүргөн эле. Жөнөкөйлүгү, чин-даража, кызмат, орден-медалга, өзүнүн кечелерин, мааракелерин, китебинин бет ачарын өткөрүүгө такыр кызыкпаган, ушунчалык жөнөкөй, карапайым, гений инсан болчу. Мага сөз менен иштегенди сунуштачу. "Бир жазган ырыңды эч жерге чыгарба, сөзсүз ийлеп, качан гана өзүңө жакканда, бышканда жарыяла" деп көп айткан эле".

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 2014-жылдын 24-июлунда 67 жаш курагында каза болгон.

Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, "Кыргызстан маданияты", “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары”, "Ачылбаган дүйнө" жана “Балдарга базарлык китеби” аттуу китептери жарык көргөн. Токтомушев Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG