Кыргызстан орусиялык ырчы Валерий Меладзенин Бишкектеги концертине уруксат бербегенин анын продюсери Павел Рудченко “Абзац” басылмасына билдирди. Ал Кыргызстан “Орусия менен өзгөчө тыгыз байланышта жана иш-чарада кандайдыр бир саясий лозунгдардын айтылышына каршы экенин” айткан.
“Бир нече мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан Орусия менен саясий чыңалуунун болушун каалабайт. Коомдук жерде, сахнада саясий ураан чакырып же аны кандайдыр бир жол аркылуу колдоп чыгышы мүмкүн болгон артисттер менен иштешүүнү каалабайт. Кайра баса белгилеп кетейин, мунун баары Орусия менен мамиленин курчуп кетпешин көздөйт. Өлкөлөр айрым жеке артисттердин концерттеринен көрө, биздин өлкө менен болгон мамилени көбүрөөк баалашат. Ошондуктан Меладзе сыяктуу, ошол эле Моргенштерн сыяктуу артисттер бул өлкөлөрдө өз иш-чараларын өткөрө алышпайт”, - деп түшүндүрдү Рудченко.
Продюсердин айтымында, Меладзе келечекте Чыгыш өлкөлөрүндө концерт бере албай калган артисттердин тизмесине кирип калышы мүмкүн. Себеби ал Орусиянын “аскердик операциясына” каршы болуп тим болбостон, аны кабыл алган мамлекетти ыңгайсыз абалга калтырып коюшу мүмкүн.
Валерий Меладзе 60 жылдыгына карата Борбор Азия өлкөлөрүнө концерт коюуну чечкен. Казакстан менен Өзбекстан аны кабыл алууга даяр экенин билдирген.
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Меладзенин концертинин өтпөй калышына жана продюсердин билдирүүсүнө жооп бере элек.
Валерий Меладзе Орусиянын Украинага согуш ачканын колдобой, сынга алган маданият өкүлдөрүнүн бири. Анын мындай көз карашына байланыштуу үстүнөн укук коргоо органдарына даттангандар да болгон.
2022-жылдын февралында Орусия Украинага негизсиз басып киргенден кийин Меладзе үй-бүлөсү менен Испанияга чыгып кеткен. Бийликти сындагандан кийин Орусиядагы концерттерин токтоткон. Бирок Түркия, Дубай, Европада талантын тартуулап жүрөт.
Негизи АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келе баштаган.
2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.
Ошол эле жылы орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган.
Шерине