Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

"Кыргызстан Аэропорттору" компаниясы эски беш учакты сатыкка чыгарды


Кыргызстанда сакталып турган эски учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда сакталып турган эски учактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстан Аэропорттору" ачык акционердик коому пайдалануудан чыгарылган беш учакты аукциондо сатыкка чыгарды. Бул тууралуу аукциондун маалыматтарына таянуу менен Economist.kg басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, учактар Бишкектеги “Манас” аэропортунда жайгашкан. Анын ичинде үч Як-40, бир Ил-18 жана бир Boeing 737-200 учагы бар.

1967-1981-жылдары чыккан Як-40 үлгүсүндөгү учактардын баштапкы баасы 1 млн сомдон ашыгыраак деп көрсөтүлгөн. 1957-1985 жылдары чыккан Ил-18 учагы болсо 7,3 млн сомго, 1967-жылы чыккан Boeing 737-200 учагы 3,5 млн сомго бааланган.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Жарандык аба кемелеринин реестрине ылайык, ушул тапта Кыргызстандагы 26 авиакомпанияга 77 учак жана тик учак катталган. Мындан сырткары Бишкекте жана Ошто эсептен чыгарылган ондогон эски учактар токтотулуп турат. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG