Өлкө бюджети эмненин эсебинен өсүп жатат? Экономиканын арышы пайдасын бардык катмарга текши берип жатабы?
Түркияда жогорку билим алып, ал жактын мамлекеттик дипломун алган соң мекенине кайтып, мугалимдик кесипти ийгиликтүү аркалаган Азамат Нурмат уулу Стамбулда дээрлик сегиз ай созулган үй камагынан бошонуп, мекенине кайтып келди. Сот уланууда. Өзү түрк бийлиги койгон айыптарды толук четке кагууда.
Соңку жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстан алака-катышты жандантууга аракет кылып келет. Эки өлкө мындан беш жылдай мурун өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашканы менен ал азырынча ишке аша элек.
XX кылымдын соңу постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө доор болуп калды.
Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы териштирилип жатат. 7-декабрда кечинде Кадамжайда, Ош–Раззаков унаа жолунда болгон кырсыктан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду. Кырсыкка себепчи деп шектелип жаткан айдоочу ички иштер кызматкери экени айтылууда.
Активисттин эжеси жана жакындары белгисиз адамдар анын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышкан. УКМКнын маалыматында Айбек Теңизбай "социалдык тармактардагы улут аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп айтылды. Өзү бул айыптоону четке кагууда.
Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.
ТИМ Конституциялык соттун чечимине байланыштуу атайын билдирүү таратты.
Чүйдөгү Күнтуу айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкеринин шайлоодогу жеңиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз жаңылык болду окшойт. 1937 добуш менен парламентке келе жаткан болочок депутат кантип жеңишке жетти, анын максаты, көздөгөнү эмне?
Кыргызстандын Конституциялык соту өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушун кароодо. Долбоор октябрда коомдук талкууга чыгарылып, бир катар укук коргоо уюмдары демилге Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
Дагы жүктөңүз